Министр Кашкар Жунушалиев түштүккө болгон иш сапарында аймактык бөлүмдөрдүн ишин текшерди
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев республиканын түштүк аймагындагы иш-сапарында аймактык бөлүмдөрдү кыдырып, Ош облусунун жана Ош шаарынын шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөлөрүн текшерди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Министр, Ош ШИИБдин уюштуруучулук ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак-Буура жана Сулайман-Тоо шаардык милиция бөлүмүнө, андан сырткары башкармалыктын борбордук аппаратына барды. Андан соң Ош ОИИБси менен Кара-Суу, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барганда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча даярдыктарын текшерди. ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдөгү имараттар менен бөлмөлөрдү кыдырып, кызматкерлердин бузуулардын бирдиктүү реестри менен кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук каттоо китебин киргизүү даярдыгын көрдү.
Андан сырткары министр Ош облусунун аймагындагы “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштей турган ИИМдин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү борборунун имаратынын курулушуна барды.
Жакында ИИМ бирдиктүү терезе принцибинде иштеген борборду ишке киргизген. Чүй ОИИББдин имаратында жайгашкан аталган борбордо адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; апостилди; ИИМден уруксат алуучу тактамаларды жана башка документтерди алууга болот.
Ушул эле күнү министр кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына карата ачылган милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы музейде коюлган материалдар менен
экспонаттар менен таанышты. Ошондой эле бардык жетекчилер, райондук бөлүм башчылар катышкан кеңешме өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин башчысына бөлүмдүн жетекчилери жаңы күчүнө кирип жаткан ченемдик-укуктук актылар боюнча бир катар суроолорду беришти.
Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарына жана башка мамлекеттик уюмдарынын алдына жаңы кабыл алынган мыйзамдарды жакшыртуу механизмдерин ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликтүү тапшырмалар коюлгандыгын белгиледи.
Добавить комментарий ×