Министр айым Исакунова мамлекеттин акчасы менен үй-бүлөсүн чет өлкөгө алып чыккан дегенге "жалган" деп жооп берди
Бөлүшүү:
Депутат Аида Касымалиеванын билдирүүсүнө ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова мамлекеттин акчасынан үй-бүлөсүн алып чет өлкөлөргө чыгууда. Бир эмес, бир нече жолу АКШ, Европа, Кытай жана Сауд Арабиясына баргандыгы тууралуу такталбаган маалымат айтылды. Жыйында депутат Аида Касымалиева ушул маалыматтарды тактап беришин УКМКдан жана тиешелүү органдардан суранды. Депутат айымдын айтымына караганда, чет өлкөлөргө атайын адистер үчүн деп келген окутуу программаларына атка минерлер өздөрүнүн атын жаздыртып алып барышат.
Ал эми мындай айыптоону министр айым четке кагып, "жалган" деп жооп берди.
Добавить комментарий ×