Кыргызстанда 25-майда акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

12 май 2021 16:33 2452 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда иектептердеги 25-май акыркы коңгуроо майрамы бул жылы да онлайн болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигне шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

"Бул жылы окуучуларды онлайн форматта куттуктайбыз! Тактап айтканда, ар бир айыл жергелеринде "Илим-билим" каналынан 15 мүнөттүк атайын программа көрсөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 34 мектептен коронавирус илдети табылган. Анын ичинен 13 мектеп карантинге жабылып, дагы 21 мектептеги 36 класс онлайн окутууга өткөн. Учурда 2 627 бала үйдөн окуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ministirlik-25-majda-akyrky-koguroo-majramy-onlajn-formatta-tt



Добавить комментарий