Милициянын көчмө кабылдамалары өлкөнүн аймактарын кыдырууда
Азыркы учурда милициянын көчмө кабылдамалары аймактардын көчөлөрүндө жана коомдук жайларда, өлкөдөгү киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин эрежелерин сактоосу боюнча кайгуул уюштуруруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарды зарылсыз үйдөн чыкпоосуна жана адамдар арасында аралыкты сактоосу, ошондой эле жеке гигиеналык эрежелерин сактоосу боюнча маалымдама беришүүдө. Күнүмдүк иштөө маалында, үн чыгаруучу атайын каражат аркылуу жарандарга кайрылып, карантиндик режимдин тартибин сактоосуна эскертме берүүдө.
Бүгүнкү күндө, милициянын көчмө кабылдамалары – радио байланыш, милиция кызматкерлерине атайын отургуч, видеокөзөмөлдөө каражаттары жана GPSке кошулган компьютерлер менен жабдылган атайын автоунаа болуп саналат.
Кызмат өтөөнүн мындай түрү укук бузуучулукту алдын алуу жана бөгөт коюу багытында өзүн жакшы көрсөтө алды. Мобилдүү милициянын көчмө пункту, укуктук мүнөздөгү маалыматтарды жарандарга жеткирип түшүндүрүүгө өзгөчө найтыйжалуу болгондугу байкалды. ИИОнун кызматкерлери, жеринде арыздарды жана кайрылууларды кабыл алып, ошону менен бирге элди укуктук жактан, мыйзамдардын талаптарын маалымдоо максаттары коюлууда. Муну менен бирге, жарандардын милицияга болгон ишенимин арттыруу максаты турат.
Бир нече жылдан бери милиция көчмө кабылдамалары алыскы болгон аймактарда кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюуу боюнча өз ишин алып барууда.
Азыркы учурда, өлкө боюнча 30 милициянын көчмө кабылдамасы иштейт. Ай сайын, алардын аймактарга чыгуусу боюнча ИИОнун жергиликтүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү атайын график түзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-kchm-kabyldamalary-ajmaktardy-kydyruuda
Добавить комментарий ×