Милициялар 17 жаштагы Саиданы жигити менен жашап жүргөндө табышты

17 август 2021 12:47 1395 Barometr
Бөлүшүү:
ok

4-августта издөө жарыяланган 17 жаштагы Саида Исмаилова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Кыз 16-августта Ош шаарында өзүнүн жигити менен батир жалдап жашап жүргөн жеринен табылды.

Милиция кызматкерлери кызды жана анын жигити 1996-жылы туулган А.А.ны Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жагдайды такташ үчүн алып келишти.

Жашы жете элек балдардын үйдөн качып кеткен учурлары көбөйгөндүктөн Чүй областынын ички иштер башкармалыгы ата-энелерге балдарды көзөмөлдөө керектигин эскертти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/miliciyalar-17-zhashtagy-saidany-zhigiti-zhashap-zhrgnd-menen-tabyshty



Добавить комментарий