Милиция: Жол эрежесин бузуп, жол тыгындарын пайда кылган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлөт
Жол тыгындарын алдын алуу максатында кайгуул кызматы айдоочуларга карата көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Бишкек шаарынын аймагында күндүн эртең мененки жана кечки убактысында чоң жолдордо жол тыгындары көп пайда болуп жаткандыгы байкалууда. Ал жол тыгындардын алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жөнгө салып турууда. Бирок айдоочулар жол эрежесин толук кандуу сактабагандыктан жол тыгындары улам пайда болууда.
Алсак, жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө жолдун экинчи тилкесинде токтоп алып, артындагы унааларга жол тыгындарын пайда кылууда. Ошондой эле коомдук унаалар аялдамага токтобостон ага жетпей же экинчи тилкеден жана бурулуштарга туура эмес токтоп жүргүнчү салгандыктан да жол тыгындары келип чыгууда.
Мындан сырткары жол жээгинде убактылуу туура эмес токтоткон авто унааларда жол тыгындарын пайда кылууга себепчи болууда.
Андыктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жана маршурттук унаалардын айдоочуларына жол эрежесин так сактоого чакырат. Эгерде маршурттук унаанын айдоочулары жол тыгындарын жаратып, жолдун туура эмес бөлүгүнөн жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү фактылары катталган учурда Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин негизинде чара колдонулат.
Добавить комментарий ×