Метталлургдар күнү. «Альянс Алтын» өзүнүн кызматкерлеринин арасында кантип спартакиада өткөрдү

2 сентябрь 2021 10:28 1414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» компаниясы 30-31-августта Метталлургдар күнүнүн урматына өзүнүн кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрдү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Башкы директордун өндүрүш боюнча орун басары Константин Чуприн мелдештерге алты команда катышканын (ар биринен 19дан) айтты.

Программада спорттун төрт түрү болду. Футбол жана воллейбол боюнча жеңишке 20 миң сомдон, экинчи орунга 15 миң сом, үчүнчү орунга 10 миң сомдон байге коюлду.

Эки турнирде тең алтын чайкоочу фабриканын командасы утуп алды. Шахмат жана стол тенниси боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө беш миң сомдон, күмүш байге ээлерине үч миң сомдон, коло алгандарга эки миң сомдон берилди.

Шахмат боюнча мелдештерде эң мыкты болуп-Чингиз Бадачиев, теннис боюнча Жалкын Исмаилов эң мыкты деп аныкталды.

Мындан тышкары Талас алтын комбинатынын 20 алдыңкы кызматкерине фирмалык жилеттер берилди. Аны бир аз мурда Токиодо өткөн Олимпиаданын катышуучуларына экипировка даярдаган компания тиккен.

«Альянс Алтын» компаниясынын баардык башкармалыгы жана спартакиаданын айрым катышуучулары Ардак грамоталар менен сыйланышты. “Эч кимге көңүл бурулбай калган жок”,-деп айтты Константин Чуприн.

Кыргызстандын металлургдары жыл сайын июлдун үчүнчү жекшембисинде өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилейт.Бирок чыңалган эпидемиологиялык жагдайдан улам спартакиаданы июль айында өткөрүүгө мүмкүн эмес болду.

“Аны жагдай жакшырганга чейин деп жылдырдык жана 29-августта белгилене турган Шахтерлор күнүнө жана 31-августта боло турган Кыргызстандын эгемендик күнүнө арнап өткөрдүк. Спартакиаданын максаты- жамаатты бириктирүү жана саламаттыгы чың жашоо образына үгүттөө”,-деп белгиледи «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директорунун персоналдар боюнча орун басары Арна Тыналиева.





Ссылка: https://barometr.kg/mettallurgdar-kn-alyans-altyn-znn-kyzmatkerlerinin-arasynda-kantip-spartakiada-tkrd



Добавить комментарий