Метродо кыргыз мигранттарын тарткан сүрөттүн автору пикир жазуучуларга нааразычылыгын билдирди

10 декабрь 2018 11:10 1722 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Метродо уктап калган кыргыз жигиттеринин сүрөтүнө пикир калтырган кыргыздарга сүрөттүн автору Дмитрий Марков нааразычылыгын билдирди. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Белигилүү болгондой, метродо уктап калган эки кыргыз жигитинин сүрөтү интернетте кызуу талкуу жараткан. Сүрөттү Дмитрий Марков 6-декабрда интернет баракчасына жүктөгөн. Ал жигиттердин бирөөсүнүн баш кийиминде "Кыргызстан" деген жазуу бар болгондуктан булар кыргыздар болуш керек деп ойлогон.

Постко көпчүлүк Кыргызстандын миграттары башка өлкөлөрдө оор шарттарда иштөөгө мажбур деген өңдүү пикирлерди жазышты. Бирок авторго кыргыздардын калтырган терс пикирлери жаккан жок. Бул да ал өзүнүн интернет баракчасына пост жазды.

"Урматтуу Кыргызстандык достор!

Мен бул метронун вагонунда уктап калган эки жаш жигиттин сүрөтүн жүктөгөндө жергиликтүү тургундар "Кыргызстан" деген жазууну көрүшүп жаман ар кандай жаман сөздөрдү жазышат деп ойлогом. Бирок көпчүлүк жаман сөздөрдү кыргыздар жазгандагы менин таң калганымды элестеткиле.

Ушул себептен улам 3 кырдаалды айта кетейин:

Биринчиден, силер бул жигиттерди чындап эле миграттар дегенди кайдан алдыңыр? Борбордук жер өтмөктө элдин баары уктайт, сабактан кийин студенттер, тункү клубтан чыккан жаштар, шаардын жашоочулары жана башка ар түрдүү адамдар.

Экинчиден, жок нерсени ойлоп табуунун кажети жок. Мен бул сүрөттө эч кандай күлкүлүү же кайгылуу көрүнүш көрүп турган жокмун. Мен үчүн адамдын коомдук транспортто жүргөн учурлары өзгөчө жактырган көрүнүштөрүмдүн бири. Бул жашоо, а жашоо ушундай.

Үчүнчүдөн,  мен миграттар жашаган жатаканаларда көп жолу болгонмун. Ал жерде квартираларда кулпулары жок. Сен башка жумуш кылып олтурсаң жаныңда бирөө кир жууп жаткан болот. Мен 18 жашымда ата-энемден кеткенде бир мигрант бала менен эч кандай шарты, жылуулугу жок үйдө жашагам. Эмгек миграттарынын темасы - абдан чоң, татаал жана оор. Мындай жагдайларды ачыктагысы келгендерди билем, бирок мен алардан эмесмин" -деп жазды Макров.

Сүрөт тууралуу кайрадан пост жазылаары менен Макровдун катталуучулары ой-пикирлерин байма-бай жаза башташты. Көпчүлүк анын сүрөткө тартуу жөндөмүнө кызыктуу учурду сактап кала алганына баа беришүүдө. Ошентсе да пикир жазуучулардын арасында дагы да болсо терс пикир жазгандар болууда. Бирок бул жолу алар мигрант жигиттерди эмес автордун өзүн сынга алышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/metrodo-uktap-kalgan-kyrgyz-zhigitteri-srttn-avtoru-zhaman-szdrd-kyrgyzdar-zhazyshty



Добавить комментарий