"Met Gala-2019" мода кечесинен өзгөчө сүрөттөр: Кунжутту бөлкө, сабиз, пушту булочка жана алтын кирпик жылдыздар
Met Gala деген эмне?
Буга чейин Costume Institute Gala же Met Ball деп аталып келген Met Gala иш-чарасы жыл сайын Нью-Йорк шаарынын Метрополитен музейинде болуп өтөт. Иш-чара мода тарыхындагы эң өзгөчө окуя болуп саналат. Ал 1948-жылы Элеонор Ламберт аттуу публицист тарабынан ойлонуп табылып Нью-Йорктун жогорку катмарындагы адамдардын курчоосунда кайрымдуулук кечеси сыяктуу болуп өткөрүлгөн.
Бүгүнку күндө кино, музыка жана маданият тармагынын дүйнөгө белгилүү инсандары жыл сайын аталган музейге жаңа көргөзмөнүн ачылышын майрамдоо жана Анна Винтурдун кастюм институтуна акча чогултуу үчүн чогулушат.
Met Gala качан өттү?
Met Gala 2019-жылы май айынын биринчи дүйшөмбүсү-6-май күнү болуп өттү. Бул жолку иш-чаранын жүрүшүндө Леди Гага жана Гарри Стайлстын катышуусу көпчүлүктүн көңүлүн бурдура алды.
Met Galaда кандай кийимдерди кийишет?
Жыл сайын иш-чара өткөрүлөөр алдында анын темасы тандалып алынып катышуучуларга кабар берилет. Быйылкы жылда Met Galaнын темасы болуп “Кэмп” стили тандалып алынган. Образды таанымал кылган Сьюзен Зонтаг Кэмп – бул табыйгый эмес образ же болбосо 3 миллион пардан даярдалган көйнөк кийген аял деп түшүндүрмө берген.
2019-жылкы Met Gala кандай өттү жана ким кандай образда келди?
Бул жолку Met Galaда өзгөчө көйнөктөрү жана кайталангыс стилдери менен айырмаланган жылдыздардын катышуусу менен өттү. Айрымдардын образы коомчулукта талкууга алынып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болсо кай бирлеринин кийимдери таптакыр аша чапкандыктан кабар берди. Мисалы, Кэти Перринин люстра болуп кийинген образы көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын эсинде көпкө сакталып калаары талашсыз. Ал эми Леди Гага пушту түстөгу көлөмдүү көйнөгүнөн да узун жана алтын түстөгү кирпиктери менен балды көрккө бөлөдү. Иш-чарага эркек жылдыздар да четте калбай өздөрүнүн өзгөчө образдарын алып чыгышты. Джарет Лето өзүндөй болгон башты колуна кармап жүрөк үшүн алса, Билли Портер сары жалтырак түстүү кастюму менен өзгөчөлөндү.
Катышуучулардын кийген кийимдерине калк ар түрдүү пикирлерди билдиришүүдө. Ким Кардашьяндын образын “Кунжуттуу бөлкө” дешсе Кендал Дженнердин образын “сабиз”, ал эми Ники Минаждын көйнөгүн “пушту түстүү булочка” деп салыштырууга да жетишишти.
Джаред Лето
Гарри Стайлс
Тэрон Эджертон
Билли Портер
Эзра Миллер
Даррен Крис
Райан Мерфи
Френч Монтана
21 Savage
Кайли Дженнер
Эмили Ратаковски
Дженнифер Лопес
Ники Минаж
Хейли Бибер
Белла Хадид
Зендая
Рози Хантингтон-Уайтли
Лилли Коллинз
Приянка Чопра
Кэти Перри
Леди Гага
Ким Кардашьян
Кендалл Дженнер
Джиджи Хадид
Карди Би
Кара Делевинь
Кристен Стюарт
Селин Дион
Майли Сайрус
Добавить комментарий ×