


Кыргызстан менен Түштүк Судандын ортосунда дипломатиялык алакалар орнотулду
2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Судан Республикасынын тышкы иштер ведомствосунун башчысы Мондэй Семайя Кумба менен жолугушуу өткөрдү.
Анын жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча Биргелешкен коммюникеге кол койду.
Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырып, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Дипломаттар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду орнотуу жана активдештирүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар тыгыз байланыштарды сактоого кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tshtk-sudandyn-ortosunda-diplomatiyalyk-alakalar-ornotuldu
Добавить комментарий ×