Мэриянын кызматкери Гуля Алманбетова депутат Махабат Мавлянованы уят сөз менен сөгүп салды. Мэрия буга жооп берди

21 май 2019 09:32 3469 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Буга чейин “Республика-Ата Журт” фракциясынын  депутаты Махабат Мавлянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан турмушка чыгып жаткан кыздарга кайрылуу жасап, далысы ачык той көйнөктөрүн тандабоону суранган. Аталган пост фейсбук колдонуучуларынын ортосунда кызуу талкуунун жараткан. Бир аз убакыттан кийин Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери Гуля Алманбетова Махабат Мавлянованын айткан сөздөрүн өзүнүн твиттер баракчасынан бөлүшүн уят сөздөр менен сөгүп жазып койгон.

Эл өкүлүнө болгон мамлекеттик кызматкердин мамилеси интернет колдонуучуларын ортосунда түшүнбөстүкту жаратты. Ар тараптуу айтылган сындарга Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев да өз пикирин билдирип жалпы коомчулуктан кечирим сурап кетти. Ал өз сөзүндө:

“Урматтуу эл журт!!!

Калаа башчыбыздын коомдук башталгычтагы кеңешчиси Гуля Алманбетованын бүгүнкү социалдык тармактагы, талкууланып жаткан посту боюнча пикирибиз..

Бул коомго терс сөздөрү үчүн кечирим сурайбыз.

Ал анын жеке пикири мэрибиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын пикирин билдирбейт. Мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын алат. Бишкек шаардык мэриясы коомго терс көрүнүштөрдү, сөздөрдү, кыймыл-аракеттерди колдобойт. Сиздердин бооркерлигиңиздерге жана кечиримдүүлүгүңүздөргө ишенүү менен, терең урмат сыйыбызды кабыл алыңыздар”, -деди.

Балбак Түлөбаев Алмамбетова жоопко тартылаарын билдирди.

Barometr.kg сайты Гуля Алмамбетовага байланышканда ал аталган жагдай боюнча эч кандай комментарий бербей тургандыгын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/meriyanyn-kyzmatkeri-gulya-almanbetova-deputat-mahabat-mavlyanovany-uyat-sz-menen-sgp-saldy-meriya-buga-zhoop-berdi



Добавить комментарий