Балбак Түлөбаев: Коңшу өлкөлөрдүн президенттери колдон келсе шеринелеш болушу керек
Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев коңшу өлкөлөрдүн президенттери “колдон келсе шеринелеш болушу керек” деген оюун айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Кошуна өлкөлөрдүн президенттерине бат баттан жолугуп туруу өтө туура кадам. Колдон келсе шернелеш болуш керек. Көйгөйлөр бат чечилет. Тажрыйба көргөзгөндөй жеке мамиле көп нерсени чечет. Өзгөчө Орто Азияда”, - деген оюун айтты Түлөбаев.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров жакында эле коңшу мамлекет Казакстанга эки күндүк иш сапары менен барып келген. Алдыда 11-12-март күндөрү Садыр Жапаров коңшу Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барары кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-koshu-lklrdn-prezidentteri-koldon-kelse-sherinelesh-bolushu-kerek
Добавить комментарий ×