Мэрия: Чүй проспекти убак-убагы менен жабылып турат
Бөлүшүү:
Бишкектеги негизги делген көчөлөрдүн бири – Чүй проспекти дээрлик май айынын аягына чейин убак-убагы менен жабылып турарын мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, магистралдык жаап-өчүрүүчү негизги орнотмолор менен жол тилкелерин оңдоого байланыштуу Гоголь көчөсү туштагы жол тилкеси жабылды. Оңдоо иштери 28-майга чейин созулуп, жылытуу сезонуна карата жылытуу тармактарын даярдоонун алкагында жүрөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунаада жүрүүнүн багытын эртелеп пландаштырып алууну өтүнөт.
Ссылка: https://barometr.kg/meriya-chj-prospekti-ubak-ubagy-menen-zhabylyp-turat
Добавить комментарий ×