Мэрия Бишкек шаарынын улгайган тургундарын көчөгө чыкпай турууга чакырды

6 апрель 2021 11:59 1793 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч болгондуктан жашы өтүп калган жарандарды зарыл жумушу болбосо көчөгө чыкпай туруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

“Учурда, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ошондуктан, биз 50 жаштан жогорку калаа тургундарын зарыл жумушу болбосо эл көп топтолгон жерлерден оолак болууга чакырабыз”, - деди Чыныбаева.

Ошону менен катары эле, вице-мэр шаар тургундарынан эл көп топтолгон, санитардык нормаларга жооп бербеген иш-чараларга күбө болуп калгандарды, фото жана видео түрүндө мэрияга билдирип коюуну өтүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-bishkek-shaarynyn-ulgajgan-turgundaryn-zaryl-zhumushu-bolboso-kchg-chykpaj-turuuga-chakyrdy



Добавить комментарий