Мэр: Шаардыктардын үйлөрүн эч ким тартып ала албайт. Бирок эски үйлөрдү бузуш керек болот

28 сентябрь 2020 15:07 1164 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Калаа тургундарынын жерин жана үйүн сатууга мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жарандар менен жолугушуу учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Мэрдин айтымында, мэрия жер ээлеринин укугун коргойт. Ал эми курулуш компаниялары жарандардын турак жайынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү кургулары келсе, шаардыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир келишимге келип алгандан кийин анан үйлөрдү тургуза алат. Эгерде ээси макул болбосо, анда мэрия аны коргойт, эч ким аны өзүнүн каалоосуна каршы сатууга мажбурлабайт.

Мэр мисал катары 5 сотых жер тилкесинин ээси ал үчүн 120 миң доллар алгысы келип, курулуш компаниясы менен келишим түзүп сатып алган учурларды келтирди.

"Мисалы бир жараныбыздын 5 сотых жер тилкесинин ордуна курулуш компаниясы беш батир берүүгө макул болгон. Башкача айтканда, 120 миң доллардын ордуна, 500 миң долларга батир алган. Эгер жеке компаниялар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болсо, ал канча болсо да төлөп берет. Эгер киреше алып келбесе, ал төлөбөйт болчу" - деди Суракматов.

Мэр эски болсо да бирөөнү үй сатууга мажбурлай албайбыз деп баса белгиледи. Бирок убакыттын өтүшү менен эски үйлөрдү бузуш керектигин айтты.

"Алар кандайча бузулат, бул дагы бир суроо", - деп жыйынтыктады мэр.

Ссылка: https://barometr.kg/mer-shaardyktardyn-jlrn-ech-kim-tartyp-ala-albajt-birok-eski-jlrd-buzush-kerek-bolot



Добавить комментарий