Мэр айың кеп тараткандарды жазалап, 3 сааттык коомдук жумушка тартат
Айың кеп айтууну каалагандар Филиппиндин Биналонан шаарына келбей эле койгону жакшы. Анткени шаардын мэри Рамон Гико ашыкча сөздөр коомчулукту бузарын айтат.
Аны укпай жалган кеп сүйлөгөндөр 3,8 доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт. Андан тышкары тили жөн турбаган адам таштанды чачканга барабар деп эсептелгендиктен 3 сааттык коомдук жумушка тартылат. Шаар көчөлөрүн тазалап, таштандылардан арылтат.
Кызыктай мыйзам 2017-жылы күчүнө кирген. Андан бери мэрдин тартибинен улам жоопко тартылгандар болгон.
Мэр Рамон Гико ушак деген түшүнүккө так аныктама берген эмес. Бул жазага көбүнчө башкалардын жеке жашоосун жана каржылык абалын талкуулагандар тартылышат.
Ссылка: https://barometr.kg/mer-ajy-kep-taratkandardy-zhazalap-3-saattyk-koomduk-zhumushka-tartat
Добавить комментарий ×