Мелис Турганбаев 10-түзөтүү колониясын жана 53-абакты шаардын четине көчүрүүнү пландоодо

2 май 2019 10:57 7006 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Ош жана Жалал-Абад областарындагы жабык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу ЖАМКдан кабарлашты.   

30-апрелде Турганбаев 5-СИЗОнун, № 42 абак жайдын, № 10 түзөтүү колониясынын, аялдар жана жашы жете электрдин 53-абагынын жеке курамы, ошондой эле ЖАМКнын күзөт жана конвоир департаментинин 5-атайын батальонунун кызматкерлери менен жолугушту.

Төрага биринчи кезекте кызматкерлердин сапаттык жана сан курамына, мүлктөр менен камсыздалышына көңүл буруп, кызматтык тартипти сактоону талап кылды.

Андан соң ЖАМКнын төрагасы Жалал-Абад областындагы өкмөттүн атайын дайындалган өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен жолугушту.

Талкуунун жүрүшүндө алар  10-түзөтүү абагын, андан соң 53-абакты Жалал-Абад шаарынын четине чыгаруу зарыл деген бир пикирге келишти.

Ошондон соң Турганбаев мекеменин жер участоктору менен мүлктөрүнүн баардык документтерин даярдоо тапшырмасын берди.

Ссылка: https://barometr.kg/melis-turganbaev-10-tzt-koloniyasyn-zhana-53-abakty-shaardyn-chetine-kchrn-plandoodo



Добавить комментарий