Мелис Турганбаев 1-СИЗОну жана 47-абакты Бишкектин четине которууну даярдоо тапшырмасын берди

19 апрель 2019 15:46 1921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында бүгүн, 19-апрелде 2019-жылдын 1-кварталындагы ведомствонун ишмердиги боюнча коллегия болду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага ЖАМКнын жетекчилиги, КРнын өкмөтүнүн  аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлдөрү, ЖАМКнын түзүмдүк ведомстволорунун башчылары катышты.

ЖАМКнын башкы штабынын башчысы Таалай Бейшеналиев 3 айда мекемелерде 5 миңге жакын тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, 600 уюлдук телефон, 426 курч-миздүү предметтер, 5 кг баңгизаты алынганын айтты.

ЖАМКнын ишканаларындагы дүң продукция 20 млн сомду түзгөн жана айдоо аянттары 18 га көбөйтүлүп, малдын башы 51ге жогорулаган. Соттолгондордун 38 пайызы эмгеккке орноштурулган.

ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев ушул жылы аткарыла турган иштердин катарында СИЗО-1 жана №47 түзөтүү колониясын Бишкек шаарынын чегинен тышкары көчүрүш үчүн документация даярдап баштоо тапшырмасын берди. 

Жаны-Жер айылында өмүр бою абакка кесилгендер үчүн 19-түзөтүү колониясындагы курулуштарды бүткөрүү, 31-түзөтүү колониясынын базасында атайын адистешкен оорукананы уюштуруу (бул жерге 47-абактагы оорукана блоктору которулат), эки тез жардам унаасын сатып алуу тапшырмасы да берилди.

“Биз жыл соңуна чейин акырындык менен тендерден баш тартып, өзүбүздү-өзүбүз камсыздашыбыз керек”,-деп белгиледи ал жыйында. ЖАМК мекемелери өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан эт, сүт, макарон жана башка азыктар менен  өзүн камсыздоо планы коюлду. 

Коллегиянын жыйынтыгында ЖАМКнын 2019-жылдын 1-кварталында аткарган иштери канааттандырарлык дептабылды.

Ссылка: https://barometr.kg/melis-turganbaev-1-sizonu-zhana-47-abakty-bishkektin-chetine-kotoruunu-dayardoo-tapshyrmasyn-berdi



Добавить комментарий