Мектептерде окуучулардын температурасы текшерилет

13 сентябрь 2021 18:39 796 Barometr
Бөлүшүү:
ok

15-сентябрда жаңы окуу жылы салттуу режимде башталат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте болгон жыйында Билим берүү жана илим министрининин орун басары Надира Джусупбекова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, окуу процессин офлайн-режимде жаңылоого 2 фактор себеп болгон, биринчиси эпидемиологиялык абалдын туруктуу болушу жана экинчиси мугалимдердин 70 пайызынын эмдөө алышы.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги салтанаттуу линейка өткөрүүгө уруксат берди, болгону ал ачык абада өтүш керек. Эгерде бул күнү аба ырайы начар болсо, анда линейка актовый залда болот”,-деп айтты Джусупбекова.

Ал ошондой эле Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги биргеликте билим берүү мекемелеринде санитардык нормаларды сактоо боюнча инструкцияны иштеп чыгышканын кошумчалады.

Анын негизинде мектептерде окуучулардын температурасы текшерилип, кире беришке фильтирлер, санитайзерлер коюлат, класстар желдетилип, имараттар дезинфекцияланат.

Ссылка: https://barometr.kg/mektepterde-okuuchulardyn-temperaturasy-teksherilet



Добавить комментарий