Мектепке электрондук каттоо алты шаарда иштеп жатат
Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска электрондук каттоо системасы менен кабыл алуу алты шаарда иштеп жатканын билдирди.
Ага ылайык, 15-февралдан тартып мектепке электрондук каттоо системасы Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди.
"Электрондук каттоодо быйыл өзгөрүүлөр бар. Эгер өткөн жылы алгачкы үч айда жазылуу бир гана микроучастоктордо жүрсө, быйыл бир мезгилде микроучасток боюнча да, андан сырткаркы аймактардагы мектептерге да жазылса болот. Ал 15-августка чейин уланат. Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелер үчүн да ыңгайлуу", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы окуу жылында жогорудагы алты шаарда 32 миң бала мектепке барары планалууда.
Мектепке электрондук каттоо пилоттук долбоору 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Анын жардамында борбордогу мектептерге 19 126 окуучу биринчи класска кабыл алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/mektepke-elektronduk-kattoo-alty-shaarda-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×