Каптагаев мектеп формасы тууралуу: Колунда жоктордун кыздары кемсинип калат

13 август 2020 15:09 2779 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмилбек Каптагаев окуучулардын мектепке кийүүчү формасы жөнүндө өз пикирин билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет

"Жакында билим берүү министирлиги бирдей форма талабынан баш тартканын билдирди. Бул мындай караганда жакыр же көп балалуу үйбүлөлөргө кам көргөндөй  туюлат. А бирок иш жүзүндө тетирисинче... карамандай каршы жыйынтык берчү ойлонулбаган чечим. Анткени, бирдей форма жок болгондон кийин ар ким каалаган кийимин киет. Колунда жок үй-бүлөнүн балдары (айрыкча кыздары) күндө эле бир көйнөк менен сабакка бара албайт,  билинбеген менен алардын арасында дагы атаандаштык, намыс күч... Барыбызда эле бала бар го... Форма болсо башка кеп, күндө жууп-тазалап кийип бара берет, айырма билинбейт. Өспүрүмдөрдүн психикасына өтө чоң доо кетет кийимдин көйгөйүнөн. Мына ушул жагын  билим берүү министирлиги жакшы ойлонсо туура болмок дейм", - деп жазды Каптагаев.

Ссылка: https://barometr.kg/mektepke-birdej-forma-kijip-barsa-zhakshy-bolmok



Добавить комментарий