Мектеп окуучулары үчүн карантин узартылды
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы мектептердеги карантин 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Мындай чечим, сасык тумоо жана SARS оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыктан кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын бардык мектептери 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөн.
Ошентип, 30-декабрда мектептерде кышкы каникул башталып, 2023-жылдын 10-январына чейин созулат. Окуучулар 11-январда мектепке кайтып келишет.
Ссылка: https://barometr.kg/mektep-okuuchulary-chn-karantin-uzartyldy
Добавить комментарий ×