Мектеп окуу китептерин сапаттуу чыгарууга баяндама жарыяланды

16 сентябрь 2019 16:07 3889 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин басып чыгарууга байланыштуу акыркы убакта бир нече жаңжал чыккан. Буга чейин айрым окуу китептери ката менен басылса, айрымдарын басууда тендерде коррупциялык фактыларга жол берилгени боюнча териштирүү башталган

Кыргызстанда окуу китептерин сапаттуу басууда мамлекеттик система калыптанган эмес. Бул тууралуу Булан институту жарыялаган баяндамада айтылат. Баяндамада Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруунун тарыхы жана калыптанышы, аларды басуунун мыйзамдык базасы, басып чыгаргандардын функциялары жана жоопкерчилиги талданган.

Баяндамада тиешелүү органдарды бул маселеге дыкат көңүл бурууга чакырган

Кыргызстан окуу китептерин иштеп чыгуу, тандоо, бекитүү жана чыгаруу боюнча ырааттуу мамлекеттик система түптөй албаганын. Буга биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрлигинин ишти уюштура албаган жана кесипкөй мамиле кыла албаганы себеп болууда деп айтылат.

Баяндамада бул тармакты жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер даярдалган.

Ссылка: https://barometr.kg/mektep-okuu-kitepterin-sapattuu-chygaruuga-bayandama-zharyyalandy



Добавить комментарий