“Мекеним Кыргызстан” партиясы жаштарга басым жасайт (видео)
“Мекеним Кыргызстан” партиясы жаштарга басым жасайт. Бүгүнкү күндө баардык партиялар билимдүү, жөндөмдүү жаштарды алдыга сүрөгүсү келет. “Мекеним Кыргызстан” партиясында иш билги, адискөй жаштар көп экендигин жыйын учурунда белгилеп өттү. Бул тууралуу партиянын соц тармактагы өздүк баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Аталган партиянын съезддинде бир катар жаштардын жана белгилүү ырчы, журналисттердин саясатка барары белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, ырчы Бек Борбиев, Урмат Усенов жана журналист Эльнура Алкановага окшогон таанымалдар да бар.
Съездд учурунда Эльнура Алканова “ парламентке бир гана жаштар эмес саясаттын көзүн билген, тайманбас лидерлер келиши керек”, - деди.
Ссылка: https://barometr.kg/mekenim-kyrgyzstan-partiyasy-zhashtarga-basym-zhasajt
Добавить комментарий ×