Туура эмес коюлган диагноз, 2 операция. Жалгыз бой эне жардамга муктаж

30 июнь 2020 17:51 961 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мекендешибиз Гульмира Эсеналиева жардамга муктаж.

Гульмира Эсеналиевага туура эмес диагноз коюлуп, ал (диагноз) боюнча эки операция жасалган. Анын кесепетинен рак илдети кескин өөрчүп, анын абалы кескин оорлошкон.

Туугандарынын жардамы менен бейтап Түркияга барып дарылануусун уланткан. Бир жыл өткөнү менен анын абалы дагы деле оор бойдон калууда. Дарыгерлердин айтымы боюнча дагы операция жасалышы керек, химиялык терапия жана кымбат дары-дармектерге муктаждык жаралды. Азыр анын сакайып кетүүсүнө  13 200 доллар чогултуу керек болуп жатат.

Гүльмира айым болгону 37 жашта. Бишкекте аны эки кызы чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Жолдошу жана кыздардын атасы каза болушкан. Ал балдарынын келечеги  үчүн учурда жашоо менен күрөшүп жатат.

Мекендешибиздин жашоосуна кайдыгер карабаган жарандардын берген ар бир тыйынына Гүльмира айым муктаж болууда.

Акча которуу үчүн реквизиттер төмөндө:

Элсом капчыгы 0552061259

ЖЧК "KICB" Кара-Балта ш., БИК 128014

Кабыл алуучу: Асанбаева Зухрахан Нурбаевна (апасы)

Эсеп счёту: 1280146052527216

ДЕМИР Банк, 010 ДКИБ

Кабыл алуучу: Улукбеков Нурсултан Улукбекович (иниси)

KGS 1180000046275472

USD -1180000046275371

Атасынан эрте ажыраган кыздарды, энесиз калтырбайлы!

Ссылка: https://barometr.kg/mekendeshibiz-gulmira-esenalieva-zhardamga-muktazh



Добавить комментарий