«Мекен» тасмасын үч күндө 475 миң 232 адам көрдү (Видео)
«Мекен» аттуу толук метраждуу тасманы үч күн ичинде 475 миң 232 адам көрдү. Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Бектемир Мамаюсуповко шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Мекенди сүйүүгө үгүттөп, коррупция менен күрөшүүнү чагылдырган кино тасма 2019-жылы күзүндө тартылып бүткөн. Быйыл январь айынын соңунда чоң экранга чыгуусу пландалган. Бирок, кинотеатрлардан көрсөтүүгө тыюу салынганына байланыштуу тасманын бет ачаары «YouTube” каналында 31-июлда жарыяланды. Аз күн аралыгында тасманы 475 миң 232 адам көрдү.
«Бул тасма 2019-жылы күз айында тартылып бүтүп, 2020-жылдын январь айларында кинотеартларга чыгарууну пландап жатканбыз. Бизге жеткен маалыматка ылайык, Маданият министрлиги тарабынан кинотеартларга биздин кино тасмабызды чыгарбоо тууралуу чечим чыккан. Текшерүүлөрдүн натыйжасында тасмадан 2-3 жерин алып салууну талап коюшкан. Ал талаптарды биз аткардык. Тасманы кинотеатрлардан көрсөтүүгө август айына чейин уруксат берилген жок. «Мекен» тасмасын тартууга 100 миң доллардан көп каражат кеткен. Карызга алынган каражаттарды сурап жатышат, ошондуктан ю туб каналына тасманы чыгарганга аргасыз болдук», - дейт продюсер.
Ссылка: https://barometr.kg/meken-tasmasyn-ch-knd-475-mi-232-adam-krd-video
Добавить комментарий ×