MegaCom компаниясы уюштурган MegaDrive акциясына катышып укмуштуудай белектерге ээ бол

16 июнь 2020 17:35 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгун MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов жана КР ИИМдин ЖКККБнын мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраиловдун катышуусу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мегаком компаниясы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте, айдоочуларды жол эрежелерин бузбоого, унаа жолундагы кырсыкты азайтуу максатында акция баштады.

Акция 16-июндан 15-октябрь 2020-жылга чейин созулат.

«Мындан ары жол коопсуздугун сактаган айдоочулар, баллдарды топтоо менен ар түрдүү белектерге ээ боло алышат. Жол кырсыгынын көрсөткүчү азая турган болсо, MegaDrive акциясы уланат”, - деп белгиледи аталган компаниянын кызматкери презинтация учурунда.

Айрым татаал маселелерди мындай чыгармачыл жол менен чечүү, албетте, унаа айдоочулардын арасында чоң кызыгууну жаратат жана миллиондогон адамдарды бириктирет.

MegaCom компаниясы керектүү мезгилде ар дайым жаныңда.

Мындай акциянын башталышы менен Кыргызстанда жол кырсыктарнын азайышы толук мүмкүн. Аны менен балдардын, айдоочулардын жана башкалардын өмүрү сакталат. Адамдардын өмүрүн сактап калуу акциясы! MegaCom сиздин коопсуздугуңузду ойлойт.

MegaComдун профессионалдар тобу үчүн жарандардын ишеними эң маанилүү. Сүйүктүү колдонуучулары үчүн пайдалуу кызматтар сунушталып, керектүү программалар ишке кирип, күн сайын тармак түзүү жана абоненттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ойлоп табуусун улантат.

Акцияга катышуу үчүн, Mega24 тиркемесин орнотуп же жаңыртышыңыз керек (Google Play жана App Store), Mega24 тиркемесиндеги MegaDrive бөлүмүнө өтүп, унаанын номерин каттатыңыз.

Эгер «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында мыйзам бузуулар болбосо, «Жашыл жүздүктөрдү» топтоо менен MegaCom жана компаниянын өнөктөштөрүнүн баалуу белектерине, анын ичинде дөңгөлөк, унаа майлары, авто тазалоочу кызматтар, тейлөө диагностикасы жана башка көптөгөн белектерге ээ болууга мүмкүн.  

Акциянын демөөрчүлөрү: 

Ссылка: https://barometr.kg/megacom-kompaniyasy-uyushturgan-megadrive-akciyasyna-katyshyp-ukmushtuudaj-belekterge-ee-bol



Добавить комментарий