MegaCom 27 мыкты бүтүрүүчүгө 1 жылдык акысыз интернет белекке берди (Видео)

13 август 2020 18:45 2902 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы талаттуу балдарды колдоо максатында MegaCom компаниясынын жетекчилиги 2020-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болгондорду баалуу белектер менен сыйлады. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүн, 13-августта “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангуловдун демилгеси менен ЖРТдан эң мыкты көрсөткүчкө жеткен 53 бүтүрүүчүгө VIP –сувенирлер топтому тапшырылды.

Анда эстелик сувенир жана ар бир окуучунун жеке тандоосу менен телефон номурлар берилди. Ага бир жылдык бекер байланыш жана интернет кошулган.

“Негизги тесттен кошумча предметтерден тышкары 225 балл алдым, ЖРТга күз айынын тарта даярдана баштагам. Башынан эле “Алтын сертификат” алууга болгон аракетимди жумшадым. Жаштарды колдоо-келечектин кепилдигин билдирет. Өзгөчө шыктуу жаштарды колдоп жатканыңыздарга кубанып жатабыз. Белектер үчүн MegaCom ишканасына чоң ырахмат”, - деди “Алтын сертификаттын” ээси, Байтик айылындагы “Кут билим окуу-тарбия” комплексинин бүтүрүүчүсү Нурлан Сапармурат.

MegaCom компаниясынан такстыктамаларды тапшыруу аземине Бишкек жана Чүй облусундагы 27 бүтүрүүчү катышты. Буга чейин ушундай эле белектер расмий азем менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мыкты бүтүрүүчүлөргө берилген.

“Талаттуу жана билимдүү жаштар - Кыргызстандын келечеги. Биздин максат-өсүп келе жаткан муунду жаңы жеңиштерге жетишине шыктандыруу. Биз 2020-жылдагы эң алдыңкы бүтүрүүчүлөргө дайыма байланышта жүрүүгө, телефондо баарлашууда чек болбой турган мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатканыбызга кубанычтабыз”, - деп белгиледи “Альфа Телеком” ЖАКнын башкы директору Акылбек Жаманкулов.

Эгерде “Альфа Телеком” ЖАКтан тастыктама алган жаштар жыл сайын окуудагы жогорку жетишкендиктерин көрсөтүшсө MegaCom аларды жогорку окуу жайын аяктаганга чейин байланыш менен камсыздоого даяр.

Ссылка: https://barometr.kg/megacom-kompaniyasy-27-mykty-okuuchuga-akysyz-internet-simkalaryn-belekke-berdi-video



Добавить комментарий