Мээрбек Мискенбаевдин жубайы: "Жолдошум сурак берүүгө кеткен боюнча жок"

25 январь 2019 14:28 2909 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Интернетте “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиевди издешүүдө.

Мискенбаевдин жубайы интернет баракчасынан:

"Жолдошум бир нече күндөн бери сурак бергенге барып жатат. Бүгүн эртең менен сурак берүүгө кеткен боюнча жок. Байланышка дагы чыга элек" деп издөө салууда.

Эске салсак, былтыр июнь айында "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан.


Ссылка: https://barometr.kg/meerbek-miskenbaev-surak-berg-ketken-boyuncha-dajyny-zhok-dep-zhubajy-izd-saluuda



Добавить комментарий