Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамды жактырды

29 апрель 2020 16:06 1287 Barometr
Бөлүшүү:
ok

29-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзама өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Демилгечи депутаттардын бири Альфия Самигуллина аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абал киргизилген учурду коргоого багытталганын белгилеп, ошондой эле алардын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктерин аныктоо максатталганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улан Примов мыйзам долбоорунда жеке медициналык жайлардын кызматкерлеринин да укугун унутта калтырбоо сунушун берди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев мыйзамга карата тармактык серепчилердин пикирине кызыгып, медицина кызматкерлерин шыктандыруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары, демилгечилердин бири Наталья Никитенко мыйзам долбоору боюнча сунуштар социалдык тармактар аркылуу келип түшкөнүн айтып, шыктандыруу коэффициентин жогорулатуу маселесин экинчи окууда эске алынарын белгиледи.

Депутат Төрөбай Зулпукаров жыйында мыйзам тууралуу Өкмөттүн пикирин сурады. Ал эми Өкмөт өкүлү мыйзамдын концепциясы жактырылганын билдирип, экинчи окууга бир катар сунуштар берилерине токтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/medicina-kyzmatkerinin-statusu-zhnnd-myjzam-zhaktyryldy



Добавить комментарий