Медеткан Шеримкулов: «Кыргыз тилди сактап калуу ар бирибиздин колубузда»

10 сентябрь 2019 12:06 1236 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

«Кыргыз тилди сактап калуу ар бирибиздин колубузда»,- деди Медеткан Шеримкулов ЖКда ѳткѳрүлгѳн “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференциясында.

 10-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференциясы ѳтүп жатат.

Тилибиз болбосо биз ушул жерде олтурат белек, мамлекеттик тил болуу үчүн улуу муун биз иштедик деп улантты легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов.

Ошондой эле, ал кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алуу үчүн баарына жаман жакшы кѳрүнүп маалымат таратып улуу муун күрѳшкѳнүн баса белгиледи. Андан тышкары азыркы күндѳ малекетти, элди, тилди талашкан эч ким жок. Тилди сактап калуу ар бирибиздин колубузда экенине токтолду.

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залына белгиленген иш-чарага төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тармактык адистер катышууда. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте уюштурулган.

Быйыл Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сындар айтылып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/medetkan-sherimkulov-kyrgyz-tildi-saktap-kaluu-ar-biribizdin-kolubuzda



Добавить комментарий