Бүгүн Кыргызстан мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгын майрамдайт
Бүгүн – 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен кыргыз элин "Барометрдин" жамааты куттуктайт.
Белгилей кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Кыргыз эли бүгүн кыргыз тилинин 33 жылдыгын майрамдайт.
Ошол күндөн бери мамлекеттик тил күнүндө өлкөнүн бардык аймактарында, билим берүү жайларда, мамлекеттик мекемелерде тилге арналган майрамдык, маданий иш-чаралар, конференция, тегерек стол, сынактар, жарманкелер өткөрүлөт.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам.
Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн аныктаган бул анын – тили. Эгер улут тилин жоготсо, бара-бара эл да жоголот. Андыктан, кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstan-mamlekettik-til-knnn-33-zhyldygyn-majramdajt
Добавить комментарий ×