Медайым 23 жылдан бери кыркпаган чачы менен сыймыктанууда (видео)
Бөлүшүү:
Россиянын Иркутск шаарында жашаган 28 жаштагы медайым Анжелика Баранова акыркы ирет анын чачын 5 жашында кыркышканын айтты. Бул тууралуу Россиянн ЖМКларына таянуу мнен “Барометр” билдирет.
Күйөрмандары аны “орус Рапунцели” деп аташат.
23 жылдан бери чачына бир дагы кайчы тийгизбеген кыз ага мындай узун чачы кубаныч гана тартууларын жана жакында дагы чачтарачка баруу планында жок экенин кошумчалды.
“Чачымды аптасына эки ирет атайын каражат менен жууп, кургатып коем. Башка убарасы жок, болгону акырын тарайм”,-дейт кыз чачын кантип өстүрүп жатканы тууралуу суроолорго.
Ссылка: https://barometr.kg/medajym-23-zhyldan-beri-kyrkpagan-chachy-menen-syjmyktanuuda-video
Добавить комментарий ×