Матраимовдун атасынын урматына уюштулган майрамга депутаттар жана чиновниктер барды.Фото
Бүгүн, 1-майда Ош областынын Кара-Суу районунда волейбол жана мини-футбол боюнча турнир өткөн. Турнирди Улуу Ата-Мекендик согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовду эскерүү иретинде Исмаил Матраимов атындагы фонд уюштурган.
Турнирдин коноктору социалдык түйүндөргө сүрөттөр менен бөлүшкөн. Алардан көрүнүп тургандай иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана чиновниктер барган.
Коноктордун арасында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош областындагы өкмөт өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жалал-Абад областындагы өкмөт өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, спикер Дастан Джумабеков, вице-спикер Мирлан Бакиров жана башка коомдук ишмерлер Нариман Тюлеев, Керим Турапов, Эльмурза Сатыбалдиев, Ахматбек Келдибековдор бар.
Ошондой эле турнирге депутаттар Жанар Акаев, Тынчтык Шайназаров, Руслан Казакбаев, Тазабек Икрамов, Алмазбек Батырбеков, Алмазбек Токторов, Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматов, Бакытбек Жетигенов, Талант Мамытов, Аалы Карашев, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, Таалайбек Масабиров, Жылдыз Мусабекова жана башка депутаттар катышкан.
Атасынын урматына өткөн турнирге депутат Искендер Матраимов жана Бажы кызматынын экс-төрагасы Раим-миллион аталган Раимбек Матраимов да катышты.
Добавить комментарий ×