Машинадан тамтык жок. Айланма жолдо Sprinter менен Toyota Estima кагышты – видео
Бөлүшүү:
Бишкекке жакын жердеги айланма жолдо Mercedes Sprinter менен Toyota Estima кагышты.
Чүй облустук ЖКККБден кабарлашкандай, жол кырсыгы 5-мартта кечки саат 22:30дар чамасында Бишкек — Балыкчы жолунда болгон. Анын кесепетинен эки автоунаа тең жарабай калган.
Ооруканага 51 жаштагы киши менен автоунаанын 25 жаштагы айдоочусу жеткирилген. Жүргүнчүлөрдөн башка эч ким жабыркаган эмес.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат, ал эми автоунаалар айып короого токтотулду.
Добавить комментарий ×