Масалиев: "Этникалык кыргыздар биздин жаран эмес, Кытайдын жараны"

27 ноябрь 2018 12:05 2632 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Депутат Исхак Масалиев "Кытайдагы кыргыздар биздин жаран эмес, Кытайдын жараны, бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат бериш керек"-деди. Депутат мындай сөздү бүгүнкү 27-ноябрда Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна куйрук улаш айтты. 

Тиллаев Кытайдагы этникалык кыргыздарга өкмөт жардам бериш керек деген суроону көтөрүп жаткандыктан, Исхак Масалиевге: "Бири-бирибиздин сөзүбүзгө комментарий бербесек, кыргыз болгондон кийин биздин жаран болбогондо кимдин жараны?"-деди.

Учурда Кытайдагы атайын саясий борборлордо мусулмандарга каршы зордук-зомбулук болуп жаткандыгы тууралуу чет элдик ММКлар жазышууда. Алардын арасында уйгурлар, этникалык кыргыздар жана казактар дагы бар экендиги айтылып, кыргыз коомчулугу арасында талкуу болуп жатат. 



Ссылка: https://barometr.kg/masaliev-etnikalyk-kyrgyzdar-bizdin-zharan-emes-kytajdyn-zharany



Добавить комментарий