Масалиев: Бийликтин аракетсиздиги, алар Орхан Инандыны уурдоого өздөрү макулдук бергенин түшүндүрөт

11 сентябрь 2021 10:46 1993 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Орхан Инандыда Түркиянын жарандыгы бар, алар аны бербейт”,-деген пикирин саясатчы Исхак Масалиев Кыргызстандын “Сапат” кыргыз-түрк лицейлеринин жетекчиси Орхан Инандыны экстрадициялоо жөнүндө айтып жатып билдирди.

“Президенттин Кыргызстан кыргыз жаранын талап кылат деп айтканы жөн гана сөз болуп калды”,-деп белгилеп өттү ал.

“Коомчулук Кыргызстандын жаранын уурдап кетти деп ызы-чуу көтөргөндө, биздин башчылар аны кайтарып алууну талап кыларын айтышкан.Буга карабай, Түркия тез арада аны соттоп жана өкүм чыгарды. Азыр аны экстрадициялоо мүмкүн эмес. Биздикилерди угушпайт. Көз көрүнө эле адамды  уурдап кетип жатышса, а биз билбейбиз. Бул жерде президенттердин ортосундагы мамиле чоң роль аткарат. Жакшы, достук мамиле менен маселени жөнгө салууга болот эле”,-деп айтты Barometr.kgге саясатчы.

Исхак Масалиев жактоочулары менен жакындарынын эч кандай мүмкүнчүлүгү жок деп болжолдойт, анткени Түркия Инанды Кыргызстандын жараны экенин четке кагууда: алар өздөрүнүкүнө туруп - Түркиянын жараны деп жатышат.  

“Орхан Инанды айыптоого макул болбой жана эл аралык уюмдардан көмөк сураса болот. Бул багытта активдүүлүктү көрсөтүү зарыл. Биздин бийлик эч кандай чараларды колдоно албайт. Кайтарып келүү тууралуу президенттин сөзү ошол боюнча эле калды. Эч ким анын айтканын жасабай жатат. Бул жагынан перспектива кыйыныраак. Кыргызстандын бийлигинин аракет көрбөгөнү, алар аны уурдоого өздөрү макулдук бергенин түшүндүрөт. Алардын уруксатысыз аны уурдай алышмак эмес”,-деп айтты саясатчы.

Ал эми паспортту мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишин Исхак Масалиев күч түзүмдөрүнүн нааразы болгон коомчулукка карата имитация ишмердиги экенин айтты.

Эскерте кетсек,  5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды MIT – Улуттук чалгындоо уюмунун (Milli Istihbarat Teşkilatı) оперциясынан  улам кармалып Түркияга жеткирилгенин айткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон.Түркиянын атайын кызматтары эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын аймагында бийликтин уруксаты жок атайын оперцияларды жүргүзүү укугуна ээ эмес.

Кыргызстандын коомчулугу түрк атайын кызматтарынын кыргызстандыкты уурдап кетишине абдан нааразы болушкан.

6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.

Орхан Инанды атайын кызматтар тарабынан кармалгандыгы тууралуу маалымат элге айтылгандан кийин Түркиянын ЖМКлары анын кыйналган сүрөтүн жарыялашкан.

Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүп жатканын болжоп нааразы болушкан.

Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигинен Орхан Инандыны Бишкекке экстрадиялоону талап кылышкан. Бирок тиешелүү мамлекеттик органдар азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. Болгону коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Мамасадыков Кыргызстан өзүнүн жаранын мекенине экстрадициялоону талап кылыш керектигин билдирген.

Орхан Инанды кармалгандан кийин бир айдан кийин аны уурдап бара жатышкандар сындарган колун операция кылышкан.

Жакында Кыргызстандын чек арачыларына Орхан Инандыны уурдоого мүмкүндүк беришкендиги үчүн кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/masaliev-bijliktin-araketsizdigi-alar-orhan-inandyny-uurdoogo-zdr-makulduk-bergenin-tshndrt



Добавить комментарий