Мас киши милиция кызматкерин бычак менен сайды
Бишкекте мас болгон жаран милиция кызматкерин чакырып, үйүнөн ага кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу Бишкектин Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Бычактан жаракат алган кызматкер Бишкектин Октябрь РИИБинин №3 бөлүмүнүн инспектору экени аныкталды.
Маалыматта айтылгандай, 11-январда милиция бөлүмүнө Бишкектеги райондордун биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу кабар түшүп, жерине милиция кызматкерлери барышкан. Жалган маалымат болуп чыккандыгына байланыштуу милиционер үй ээсин тушүнүк кат жазууну сураган. Үй кожоюну буга макул болгон эмес. Ошол учурда үй ээсинин тууганы милиция кызматкеринин артынан келип бычак урган.
Жаракат алган кызматкер улуттук госпитальга жаткырылды. Ал эми укук коргоочуга кол салды деп шектелген адам мас абалында болгону айтылып, убактылуу камоо жайына киргизилип, сурак берүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/mas-kishi-miliciya-kyzmatkerin-bychak-menen-sajdy
Добавить комментарий ×