Ырчы Алмаз Шаадаев кайгуул кызматы менен болгон чуулгандуу видео тууралуу үн катты

27 апрель 2021 12:59 6220 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Алмаз Шаадаев мас абалында жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине кармалды делген видео тууралуу үн катты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетке таркаган видеодон ырчы Алмаз Шаадаевдин унаасын кайгуул кызматкерлери токтотуп, спирт ичимдигин ичип алганга шек саналып наркологиялык борборго алып барганын көрүүгө болот.

Ал эми, видеонун алдына ырчы Алмаз Шаадаев мас абалында кайгуул кызматынын кызматкерлерине кармалды деп жазылган.

“Бир телеканал  мени каралагысы келип жатат.  Ал канал менен менин ортомдо буга чейин дагы бир пикир келишпестик болгон.

Ал эми, видео тасмадагы окуя учурунда жол эрежесин бузбай эле бара жаткам. Кайгуул кызматкерлери менен чогуу рейдге чыккандар мени көрүп, унаамды токтотуусун өздөрү айтышыптыр. Видеодон көрүнүп тургандай эле "алкоголдук ичимдик ичип алыпсың, көздөрүң кызарып калыптыр" деп болбогон шылтоолорду айтышты. Моюунума алам, бирок унаама жазылган айып пулдар бар болчу. Ал үчүн унаамды айып короосуна токтотконуна каршы болгон жокмун.

Негизи жок эле тосуп алышып, наркологияга алып барышып "ичиптирсиң, чегиптирсиң" дей беришти. Бул канал кайгуул кызматкерлери менен кызматташып, материалдарды оңой чогултуп, акча табышат экен. Кийинчерээк, бизди кайра чакырышып "видеону сатып алсаңар болот" дешти. Көрсө, видеону сатып дагы акча кылат экен деп калдым", - деди ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/mas-emes-bolchumun-yrchy-almaz-shaadaev-kajguul-kyzmaty-menen-bolgon-chuulganduu-video-tuuraluu-n-katty



Добавить комментарий