Маршрутка мэриянын кызматкерин 27 метрге чейин сүйрөп кеткен

15 апрель 2019 12:15 2939 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын жумушчусу жол кырсыгынан жабыркады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 15-апрелде саат 7:30да Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде«Бишкек жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын кызматкери жабыркаган.

40 жаштагы Насырбек Бердибаевдин 3 баласы бар, кырсык болгон учурда алишкананын атайын техникасын-мотороллер айдап бара жаткан. Насырбекти каскасы сактап калган. Учурда ал ооруканада дарыланууда.

220 маршурттук такси менен кагылышкан учурда бус аны 27 метрге чейин сүйрөп кеткен.

Учурда бул боюнча зарыл болгон иликтөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/marshrutka-meriyanyn-kyzmatkerin-27-metrge-chejin-sjrp-ketken



Добавить комментарий