«Манас» аэропорту трассасында аласалып кеткен Volkswagen Passat’тын айдоочусу тирүү калды
Бөлүшүү:
«Манас» аэропортунуна баруучу чоң жолдо Volkswagen Passat унаасы аласалып кетип, айдоочусу тирүү калды. Бул маалыматты Чүй облустук Жол кыймылык көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн болжол менен саат 01:30дарда Volkswagen Passat’тын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа аласалып, жолдон сырка чыгып кеткен.
Унаада айдоочу өзү гана болгон. Кырсыктан жаракат алып, учурда ооруканага жаткырылган.
Добавить комментарий ×