Мамлекеттик жөлөк пул мыйзамынын аткарылышына карата мониторинг түзүлөт

30 октябрь 2018 10:25 976 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Парламентте "Мамлекеттик жөлөк пул" жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына карата мониторинг жүргүзүү боюнча топ түзүлүп, аны депутат Аида Касымалиева жетектей тургандыгы айтылды. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү жана маданият боюнча комитеттин дуйшөмбү күндөгү жыйынында талкууланды. 

Мамлекеттик жөлөк пул боюнча мыйзам быйыл июлдан баштап иштей баштаган. Анда жаңы төрөлгөн бардык ымыркай балдарга 4000 сомдон сүйүнчү, 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сом өлчөмүндөгү каражат жана көп балалуулардын 16 жашка чыкканга чейин ай сайын 500 сомдон чегерүү каралган. 

Учурда көп үй-бүлөлөр жөлөк пулга документтерди толтурууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын дагы айтып келишет. 

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-zhlk-pul-myjzamynyn-atkarylyshyna-karata-monitoring-tzlt



Добавить комментарий