Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырып жатышат

20 сентябрь 2018 12:10 2177 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Улуттук тил комиссиясы сентябрь айында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу «Эне тил жана Айтматов» аталыштагы  мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев президент менен жолукканда билдирди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча «Кыргыз тесттен» жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөн. Назаркул Ишекеев алыскы региондордогу кызматкерлер тесттен өтүү үчүн атайын көчмө станциялар дагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгиледи. «Бул  Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүүгө, жазуучунун чыгармаларын жайылтууга арналган жакшы саамалык», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин басып чыгарууда «Байчечекей» бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады.


Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-zhana-municipaldyk-kyzmatkerler-kyrgyz-tilinen-test-tapshyryp-zhatyshat



Добавить комментарий