Ыкчам мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө президент кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-satyp-aluular-zhnnd-myjzamga-zgrtlr-kirgizildi
Добавить комментарий ×