Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудай жетиштүү

21 август 2020 14:54 1720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудай жетиштүү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

«Республикалык бюджеттен мамматрезервдер фондуна тамак-аш буудайын сатып алуу үчүн 411 млн сом бөлүндү. Жыйынтыгында Россиядан дээрлик 33 миң тонна буудай сатып алынып, мамлекеттик резервге коюлду. Ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн 10 миң тонна буудай данын сатып алуу пландалууда», - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасыгын орун басары Рустам Каракулов.

Анын айтымында, учурда фонддо өлкө калкын камсыздоо үчүн тамак-аш топтогу товарлардын жетиштүү көлөмдөгү камы бар.

Мындан сырткары, саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте дары-дармек каражаттарын сатып алуу боюнча иштер дагы жүрүүдө


Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-materialdyk-rezervder-fondunda-buudaj-zhetisht



Добавить комментарий