Бишкек шаарынын прокуратурасы 95 млн сомдон ашуун мүлктү мамлекетке кайтарды

30 март 2021 09:59 791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын прокуратура органдары баасы 95 миллион сомдон ашуун мүлктү мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттин менчигине жалпы баасы 95 млн. 361 миң сомду түзгөн Бишкек шаарынын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мүлк комлексинин биринчи кабатынын жана жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метр түзгөн турак эмес жайларын, ошондой эле 1650 чарчы метр түзгөн жер

тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Текшерүүдө аныкталгандай, Бишкек шаарынын Киев, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү менен чектелген, колдонулуп жаткан мүлк комплексинин астындагы 2,1 га жер участогун жеке жаранга берүү жөнүндө чечим 

Президенттин 1995-жылдын 16- февралындагы Жарлыгын бузуу менен Мамлекеттик мүлк фонду Өкмөттүн буйругунун негизинде кабыл алынып, андан ары аталган объектиге тиешелүү бүтүмдөр мыйзамсыз жүргүзүлгөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Биринчи май райондук прокуратура тарабынан Өкмөттүн тескемесин, Мамлекеттик мүлк фондунун буйругун, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жана андан кийин түзүлгөн бүтүмдөрдү мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын доо арыздары толугу менен канааттандырылган. 2021-жылдын 15-мартында райондук прокуратура тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна прокурордук талап келтирилип, аталган фонддун 23-марттагы буйругу менен жогоруда аталган мүлк комплекси жер тилкеси мамлекеттин менчигине алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-prokuraturasy-95-million-somdon-ashuun-mlkt-mamlekettin-menchigine-kajtardy



Добавить комментарий