Мамлекеттик казынага 575 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген акча каражаты кайтарылды

5 ноябрь 2020 13:34 995 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Тактап айтканда, тиешелүү коррупциялык кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2020-жылдын октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин КРнын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын 575 млн. сому которулду.

УКМК коррупциялык кылмыштарды жасоо менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда жана бул тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берилип турат.

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-kazynaga-575-million-som-lchmndg-akcha-karazhaty-kotoruldu



Добавить комментарий