Апрелден августка чейин 42 млн сомдук насыянын төлөө мөөнөтү узарды

13 август 2020 13:23 2208 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилди. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

«Коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен, Мамлекеттик ипотекалык компания насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келүүдө. Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек.  Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат”, - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы Эльмира Абжапарова.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.

«Ошондой эле, жарандарга жардам катары насыянын пайыздык чени 1%дуу пунктка азайтылган. Пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык 8-10%дан 7-9%га чейин азайды (башкы төлөмгө жараша). Андан сырткары, "Жеке турак-жай куруу" механизмине ылайык, пайыздык чендер жылдык 8-12% дан 7-11% га чейин азайды (курулуш мезгилинде жылдык 11%). Ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү - турак жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуунун маанилүү чараларынын бири», - деди ал.

Жалпысынан, мамлекеттик ипотекалык компания 5,5 миллиард сом суммасында 4,7 миңден ашык насыя берген. Акыркы 5 жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болгон

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniyanyn-pajyzdarynyn-tmndsh-zhnnd-maalymat



Добавить комментарий