Сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору коррупцияга шек саналып кармалды

28 октябрь 2020 14:15 743 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. Аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун Ш.Т. аттуу директорун кармаган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлчүлүктөрү борбору менен Финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө - 12 миллион доллардан (1 миллиард сомго жакын) ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка тиешеси бар делген дагы башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/mamleketke-12-mln-dollar-zyyan-keltirgen-sot-klchlktr-borborunun-direktoru-karmaldy



Добавить комментарий