Мамкаттоо: "Эми электрондук кезекке турса болот"

13 июль 2020 17:21 1174 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикадагы Калкты тейлөө борборлоруна баруудан мурда электрондук  кезекке турса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирди.

Каттоого туруу үчүн жарандар «Earlyone» мобилдик платформасын колдоно алышат.

Бүгүн,13-июлдан тарта Ауэзов 1/5 дарегиндеги №4 Калкты тейлөө борбору аталган платформанын негизинде иштей баштады.

«Платформаны колдонуу үчүн Play Market же App Store интернет дүкөндөрүнөн «Earlyone» тиркемесин көчүрүп алуу керек. Анын жакшы жери, жазылган мөөнөтүнөн кечигип жаткан болсо, аны 15 мүнөткө жылдырууга болот», - деп айтылат маалыматта.

Электрондук кезекке туруу менен жарандар убакытын үнөмдөй алышат.

«Долбоор толук түрдө бир жыл ичинде Армениядагы компаниялардын биринин техникалык колдоосу менен ишке ашырылат», - деп кошумчалашты мамлекеттик каттоодон.




Ссылка: https://barometr.kg/mamkattoo-emi-elektronduk-kezekke-tursa-bolot



Добавить комментарий